ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 21-ноябрындагы № 22-4
Төөлөс айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылына караштуу Кыркол-Сай бөлүмүндөгү көчөгө Кыркол-Сай деп атоо жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылына караштуу Кыркол-Сай бөлүмүндөгү көчөгө Кыркол-Сай деп атоо жөнүндөгө күн чыгыш тарабындагы көчосүнүн жашоочуларынын арызын канааттандыруу максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылына караштуу Кыркол-Сай бөлүмүнүн күн чыгыш тарабындагы көчөсү Кыркол-Сай көчөсү деп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жетекчиликке алуу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго жана Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Бакировага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |