Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-августу № 01-5/35
Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын атын өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты №159 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомуна ылайык жана Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын педагогикалык кеңешинин 2025-жылдын 18-августундагы №5 протоколуна ылайык.
Кожомкул айылдык кеңеш чечим кылат:
ТОКТОМ:
1. Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №01-5/9 токтому жокко чыгарылсын.
2. Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын атын “Турдакун Усубалиев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби” деп аталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Урматов М.Ш. жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |