КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 27
“Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 56 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Какыр айылында жаңы мектеп куруу суроо талабын иш жүзүнө талаптагыдай ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 13-беренесине”, ”Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги, № 56 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги, № 56 токтомунун 1-пунктундагы “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында 500 орундуу жаңы мектеп курууга №20-20а-21- контурунан 2,25 га жер тилкесин бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин” деген сүйлөм, “Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Какыр айылында 350 орундуу жаңы мектеп курууга №21- контурунан 2,75 га жер тилкесин бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. № 21- контурдагы үлүштүк жер ээлери менен макулдашуунун негизинде,айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун № 28- контурундагы жерине жайгаштурууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |