Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-августу № 01-5/42
"Чүй облустук өнүктүрүү фонду тарабынан долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө"
Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Урматов Мирлан Шеримкулович Чүй облустук өнүктүрүү фондунун «Балдар спорт аянтчасын (Воркаут)» курууга кошумча каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө долбооруна катышуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Кожомкул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облустук өнүктүрүү фондунун 2025-жылга бюджетинин долбоору 1 931.305 миң сом бир миллион тогуз жүз отуз бир миң үч жүз беш сом) суммасында бекитилсин.
2. Өздүк салым 579 392 миң сом ( беш жүз жетимиш тогуз миң үч жүз токсон эки) сом суммасында бекитилсин.
3. Чүй облустук өнүктүрүү фондунун 2025-жылга долбоорун даярдоого жана ишке ашырууга Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысына акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |