КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 28
“Ак-Жар айылында кичи футбол аятчасын куруу жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылында жаштардын суроо талабын канааттандыруу максатында кичи футбол аянтчасын куруу үчүн, даяр аянчага долбоорго ылайык каржы булагын табууга, республикалык облустук же райондук өнүктүрүү фондторуна сунуштоо маселесин карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылына “Кичи Футбол” аянтчасын талапка ылайыктуу куруу үчүн, даяр аянчага долбоорго ылайык каржы булагын табууга, республикалык облустук же райондук өнүктүрүү фондторуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууда коомчулуктан,жаштардан кошумча каражат табылып жаткандыгы эске алынсын.
3. Аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевге сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |