КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 29
“Кара-Шоро айыл өкмөтүндөгү социалдык мекемелерди ондоп түзөө жана калкка шарт түзүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Чалк-Өйдө айылындагы 2024-жылдын дем берүүчү грант эсебинен аткарылуучу 1 чакырым жолго асфальт төшөө жана “Сабиракунов Тойгон” атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун өздүк салымы үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна киргизүү жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап КРнын бюджеттик кодексине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Чалк-Өйдө айылындагы 1 чакырым жолго асфальт төшөө долбоорунун өздүк салым катары төлөнүүчү 1 473 682 сом, жана ошшол эле айылдагы “Сабиракунов Тойгон” атындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонту үчүн өздүк салым катары төлөнүүчү 420 000 сом акча каражаттары Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |