Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги жетинчи
сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 7/37
Кара-Дыйкан айылынын тургуну Саламат Айдаркановага Жазы
айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин регламент,депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын, Жазы айыл аймагындагы “Оморбекова Мээримгүл” атындагы бала-бакчасынын башчысы Айдарканова Саламат Туканбаевнага Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө кортундусун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылындагы “Оморбекова Мээримгүл” атындагы бала-бакчасынын башчысы Айдарканова Саламат Туканбаевнага жаш муундардын татыктуу таалим тарбия алуусуна шарт түзүүдөгү эмгектери үчүн Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент,депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |