Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги жетинчи
сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 7/39
Жээренчи айылынын тургуну Үсенбай Абдирайимовго Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын, Жазы айыл аймагынын ардагери Абдирайимов Усенбайга Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө кортундусун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл аймагынын ардагери Абдирайимов Усенбайга мамлекетке жана Жазы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |