Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги жетинчи
сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 7/41
Кызыл-Тоо айылынын тургуну Эргешов Нурланбек Исановичке Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын, Өзгөн токой чарбасынын Кызыл-Тоо токойчулугунун токойчусу Эргешов Нурланбек Исановичке Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө кортундусун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Өзгөн токой чарбасынын Кызыл-Тоо токойчулугунун токойчусу Эргешов Нурланбек Исановичке жаратылышты коргоо тармагына кошкон үзүрлүү салымы үчүн Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент,депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |