Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги жетинчи
сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 7/43
Кара-Дыйкан айылынын аты жок көчөсүнө маркум Эркебаев
Пазыл Эркебаевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Дыйкан айылынын жашоочуларынын жыйынын протоколунун негизинде аты жок чолок көчөсүнө маркум Эркебаев Пазыл Эркебаевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга малымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Дыйкан айылындагы мектептин эски багынын түштүк жагынан кеткен Эркебаев Семетейдин үйүнөн баштап К.Ажигулова көчөсү менен кесилишкенге чейин “Билим берүүнүн отличниги” маркум Эркебаев Пазыл Эркебаевичтин ысмы ыйгарылсын.
2. Көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жана көчөнүн атын жаздырып илдирүү Эркебаевтердин үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент,депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |