Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги жетинчи
сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 7/44
Жээренчи айылынын тургуну маркум Кеңешбаев Ыдырыстын
ысмын жаңы конуштагы көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Жээренчи айылынын жашоочуларынын жыйынын протоколунун негизинде жаңы конуштагы көчөсүнө “Эмгектин ардагери” маркум Кеңешбаев Ыдырыстын ысмын ыйгаруу жөнүндө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жээренчи айылынын жаңы конуштагы Касымалиев Тыныш көчөсүнөн түштүктөн түндүктү карай кеткен көчө менен кесилишкен Мамасаев Калыбай көчөсүнөн кийинки көчөгө Кенешбаев Алтынбектин үйүнөн Абдыкалыков Маликтин үйүнө чейин маркум Кеңешбаев Ыдырыстын ысмы ыйгарылсын.
2. Көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жана көчөнүн атын жаздырып илдирүү Кеңешбаевдин үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент,депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |