Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сегизинчи
сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 8/49
Зергер айылындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебине маркум “Эл агартуунун отличниги” Темирбаев Абдыкеримдин атын ыйгаруу жөнүндө
Зергер айылындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебине маркум “Эл агартуунун отличниги” Темирбаев Абдыкеримдин атын коюу боюнча айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Зергер айылындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебине “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси маркум Темирбаев Абдыкеримдин ысмы ыйгарылсын.
2. Т.Абдыкеримовдун үй бүлөсүнө аталган балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт комплексинин оңдоп түзөө иштерине ар дайым жакындан көмөк көрсөтүп туруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |