Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-ноябры № 256
Медиация жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, кылмыш-жаза-укуктук укук мамилелеринен келип чыккан чыр-чатактарга (талаш-тартыштарга) медиацияны колдонуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Чыр-чатак (талаш-тартыш) медиацияга катышпаган башка жактардын кызыкчылыктарын козгогон учурларда медиация колдонулбайт.
3. Медиация ишкердик (коммерциялык) иш болуп саналбайт.
2-берене. Медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдар
Медиация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынуучу, ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) медиация - чыр-чатактын (талаш-тартыштын) тараптарынын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүүсү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү аркылуу чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуу жол-жобосу;
2) соттук медиация - өз өндүрүшүндө турган иш боюнча соттун жиберүүсү боюнча жүргүзүлүүчү медиация жол-жобосу;
3) сотко чейинки милдеттүү медиация - мыйзамда ушул категориядагы иштер үчүн каралган учурда чыр-чатакты (талаш-тартышты) сотко чейин жөнгө салуу;
4) медиатор - ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын мүчөсү болуп саналган жана Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринде турган жеке жак;
5) медиациянын тараптары - медиация жүргүзүү жолу менен алардын ортосунда чыр-чатактын (талаш-тартыштын) келип чыгуусунун алдын алуу же жөнгө салуу максатында медиация борборуна кайрылган жана медиация жүргүзүү жөнүндө келишим түзгөн жеке жана (же) юридикалык жактар, ошондой эле ишкердик ишти жүзөгө ашырган жактар же адамдар тобу;
6) медиация жүргүзүү жөнүндө келишим - медиация жүргүзүү жолу менен чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуу жөнүндө тараптар жана медиатор (медиаторлор) тарабынан түзүлүүчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
7) медиациялык макулдашуу - медиациянын тараптарынын макулдашуусунун натыйжасын бекиткен, ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн бүтүм болуп саналган жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
8) медиация борбору - ушул Мыйзамда каралган уюштуруу-укуктук формада жана тартипте эки же андан көп медиатордун демилгеси боюнча түзүлүүчү жана ушул Мыйзамга ылайык медиация практикасын жана медиаторлордун квалификациясын адистештирүү боюнча жогорулатууну жүзөгө ашыруучу медиаторлордун уюму;
9) медиациялык маалыматтык жолугушуу - чыр-чатакты (талаш-тартышты) чечүү үчүн медиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо жана аларга медиация жол-жобосунун маңызын түшүндүрүү максатында медиатордун (медиаторлордун) чыр-чатактын (талаш-тартыштын) тараптары менен жолугушуусу, анын жыйынтыгы боюнча ушул Мыйзамда белгиленген тартипте тараптар медиация жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коет же аларга медиаторго кайрылуу жөнүндө маалымкат берилет;
10) медиаторду базалык кесиптик даярдоо сертификаты - Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын окуу борбору тарабынан берилүүчү, медиатордун базалык кесиптик даярдоодон өткөндүгү жөнүндө документ;
11) медиатордун күбөлүгү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык медиатордун статусун ыйгаруу тууралуу документ;
12) медиациянын катышуучулары - медиатор (медиаторлор), медиациянын тараптары, алардын өкүлдөрү, мыйзамдуу өкүлдөрү, жактоочулары (адвокаттары), котормочу, эксперттер жана медиациянын тараптарынын макулдашуусу боюнча аныкталган башка адамдар;
13) медиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга жана мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);
14) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагындагы медиациялык жардам - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык көрсөтүлүүчү медиация;
15) медиациялык эскертме - келишимдин тараптарынын ортосунда талаш-тартыш келип чыккан учурда медиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырган келишимдеги (контракттагы) жазуу жүзүндөгү шарт;
16) онлайн медиация - Кыргыз Республикасынын санарип мыйзамдарына ылайык санарип сервистерди, санариптик технологиялык тутумду жана (же) санарип экотутумун пайдалануу менен толук же жарым-жартылай жүргүзүлүүчү медиация.
4-берене. Медиация жүргүзүүнүн принциптери
1. Медиация төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) ыктыярдуулук;
2) медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугу;
3) медиатордун бейтараптыгы;
4) купуялуулук.
2. Медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугу, медиатордун бейтараптыгы жана купуялуулук принциптеринин колдонулушу медиациялык маалыматтык жолугушууга карата жайылтылат.
3. Ыктыярдуулук принцибинин колдонулушу медиациялык маалыматтык жолугушууну жүргүзүүгө карата жайылтылбайт.
5-берене. Ыктыярдуулук принциби
1. Тараптарды талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салууга мажбурлоого эч ким укуктуу эмес.
2. Медиаторду талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салуу боюнча жардам көрсөтүүгө мажбурлоого эч ким укуктуу эмес.
3. Медиациянын тараптары жетишкен макулдашуулар ыктыярдуу аткарылат.
6-берене. Медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугу принциби
1. Эгерде медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башкасы каралбаса, жеке жана (же) юридикалык жактар, ишкердик ишти жүзөгө ашырган жактар же адамдар тобу медиаторду (медиаторлорду) же медиация борборун өз алдынча тандайт.
2. Медиациянын тараптары талкуулануучу маселелердин тизмегин, чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуунун варианттарын, медиациялык макулдашуунун мазмунун, аны аткаруунун мөөнөттөрүн жана ыкмаларын, ошондой эле чыр-чатак (талаш-тартыш) жана медиация жүргүзүү боюнча башка маселелерди өз алдынча аныктайт.
Медиациянын башка катышуучулары медиациянын тараптарына консультацияларды жана сунуштарды бере алат, бирок чечимди медиациянын тараптары гана кабыл алат.
3. Медиациянын тараптары медиация жүргүзүүдө жана өз ара алгылыктуу макулдашууну иштеп чыгууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
7-берене. Медиатордун бейтараптыгы принциби
1. Медиатор медиациянын тараптарына карата бейтарап жана медиациянын тараптарына, мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, башка жеке жана юридикалык жактарга көз каранды эмес.
2. Медиатордун бейтараптыгына таасир тийгизүүчү жагдайлар болгон учурда ал баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен медиация жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш.
3. Медиатор өзү медиатор болгон талаш-тартыш же кылмыш-жаза иши боюнча соттук же бейтарап териштирүүдө тигил же бул тараптын өкүлү же жактоочусу боло албайт.
4. Медиатор медиациянын тараптарына чыр-чатактын (талаш-тартыштын) маңызы боюнча чечим кабыл алуу боюнча консультацияларды жана сунуштарды берүүгө укуксуз.
5. Медиатор медиациянын тараптарынын ортосундагы чыр-чатактын (талаш-тартыштын) маңызы боюнча чечим кабыл ала албайт.
6. Медиатор медиациянын тараптарына медиация жүргүзүүнүн жана анын жыйынтыктарын тариздөөнүн тартиби боюнча консультацияларды жана сунуштарды берет.
8-берене. Купуялуулук принциби
1. Медиацияны жана медиациялык маалыматтык жолугушууну жүргүзүүдө медиацияга тиешелүү бардык маалыматтын купуялуулугу сакталат.
2. Медиатор, медиация борборунун кызматкерлери медиациялык маалыматтык жолугушууну жана (же) медиация жол-жобосун өткөрүү процессинде аларга белгилүү болуп калган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү. Бул милдет ишин токтотуп турган же токтоткон медиаторго дагы жайылтылат.
3. Эгерде медиация жүргүзүү жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, медиациянын тараптары медиация процесси менен байланышкан маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.
4. Медиатор, медиация борборунун кызматкерлери медиациялык маалыматтык жолугушуунун жана медиация жол-жобосун өткөрүүнүн жүрүшүндө аларга белгилүү болуп калган маалыматтар жөнүндө күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес.
5. Ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, медиатордон жана медиация борборунан медиациялык маалыматтык жолугушууга жана (же) медиация жол-жобосуна тиешелүү маалыматты талап кылууга тыюу салынат.
6. Купуялуулук принциби төмөнкүдөй учурларда жайылтылбайт:
1) адамдын өмүрүн же ден соолугун коргоо же эркиндигин камсыз кылуу же болбосо баланын эң мыкты кызыкчылыктарын коргоо зарыл болгондо;
2) экинчи тарап медиациялык макулдашууну түзүү фактысын талашкан же танган учурда аталган фактыны тастыктоо үчүн маалымат берилгенде;
3) медиациялык макулдашуунун мазмунун ачыкка чыгаруу аны ыктыярдуу же мажбурлоо тартибинде аткаруу үчүн зарыл болгондо, бул тууралуу медиациялык макулдашууда түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш;
4) укуктук же тартиптик талаш-тартыш маалыматты ачыкка чыгарган адамга каршы багытталганда жана медиация процессинен келип чыкканда, мында көрсөтүлгөн маалыматты жайылтуу аталган адамдын укуктук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгондо.
7. Медиация тарабы же кылмыш-жаза иши өндүрүшүнүн, соттук же бейтарап териштирүүнүн алкагында медиация жол-жобосуна катышкан кандай болбосун жак төмөнкүлөрдү далил катары келтирүүгө жана өзүнүн күбө катары көрсөтмөсүндө аларга шилтеме жасоого укуксуз:
1) тараптардын биринин медиация жол-жобосуна кайрылуу жөнүндө сунушуна же тараптардын биринин медиацияга катышууга даярдыгына;
2) медиациянын тараптарынын бири талаш-тартышты мүмкүн болгон жөнгө салуу боюнча айткан пикирлерге же сунуштарга;
3) медиациянын жүрүшүндө тараптардын бири жасаган билдирүүлөргө же моюнга алууларга;
4) талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салуу жөнүндө медиатор тарабынан берилген сунушту кабыл алуу фактысына;
5) медиация максаттарында гана даярдалган документке.