Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-чакырылышынын 7-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-октябры № 7/3
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражатына кошумча план суроо жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатына (ата-энелерден түшүүчү) каралган план жетишсиз болгондуктан, Финансы Министрлигинен 1 836,0 (бир миллион сегиз жүз отуз алты миң) сомго кошумча план суралсын.
2. Токтомдун аткарылышы жана тиешелуүү иш кагаздары менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге, айыл өкмөтүнүн финансылык экономикалык социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы М Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |