Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIVсессиясы

 

 

2023-жылдын 14-февралындагы № 7

“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бюджетинин бир жылдык сметасын жана кичи долбоорлорун бекитүү жөнүндө

“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата тиркемелерге ылайык түзүлгөн бюджеттин жана таштанды чыгаруу, техникалык кызмат көрсөтүүнүн, таза сууга болгон төлөмдөрдүн, Кыргыз Республикасынын Президенттин № 305 Жарлыгын ишке ашырууну, штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

Т о к т о м к ы л а т :

 

1. “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусу эске алынсын.

 

2. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата түзүлгөн бюджети 16 939 875 (он алты миллион тогуз жүз отуз тогуз миң сегиз жүз жетимиш беш) сомго 1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-тиркемелерге ылайык бекитилип, анын ичинен 6 939 875 (алты миллион тогуз жүз отуз тогуз миң сегиз жүз жетимиш беш) сом атайын түшүүчү акча каражатынын эсебинен, калганы жергиликтүү бюджеттен 10 000 000 (он миллион) сом субсидияга берилсин.

 

3. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата түзүлгөн штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 жарлыгына ылайык бекитилсин.

 

4. Кыргыз Рыспубликасынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 сандуу жарлыгын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн иш- чараларынын планы бекитилсин.

 

5. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигине кошумча эсепчи (материльный бухгалтер) алуу жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна калтырылсын.

 

6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

7. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Чонатаевге жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБна, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Аликеев