Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIVсессиясы

 

 

2023-жылдын 14-февралындагы № 10

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн иш Регламентин бекитүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 13.02.2023-жылдагы № 01-19/88 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата иш Регламентин бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн иш Регламенти бекитилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Аликеев