КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIVсессиясы
2023-жылдын 14-февралындагы № 11
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жобосун бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 13.02.2023-жылдагы №01-19/89 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жобосун жаңы редакцияда бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 13.02.2023-жылдагы №01-19/89 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жобосу жаңы редакцияда бекитилгенине байланыштуу Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомунда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендигин жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |