Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2023-жылдын 11-мартындагы № 2

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын администрациялык- аймактык түзүлүшү жөнүндө” мыйзамынын негизинде Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн курамынан чыгаруу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 11.03.2023-жылдагы №01-19/144 чыгыш сандуу “Кыргыз Республикасынын администрациялык – аймактык түзүлүшү жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде администрациялык-аймактык бөлүнүшүнүн объектилеринин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутумунда Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн курамына кирип калганы жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн санариптик системада иштөөсүнө тоскоолдук жаратып жатканы тууралуу катын карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-кыя айыл өкмөтүнүн 11.03.2023-жылдагы №01-19/144 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын .

 

2. Каныш-Кя айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнунда VI чакырылышынын XIII сессиядагы №9 токтому күчүндө калтырылсын.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

У. Качканаков