Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2023-жылдын 11-мартындагы № 3

 

“Вертекс Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген уюм тарабынан Каныш-Кыя айыл аймагындагы жеке жарандарга жана райондук иш-чараларга бөлүнгөн акча каражатын которууга уруксат берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 11.03.2023-жылдагы №01-19/146 чыгыш сандуу 3-пунктунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 06.03.2022-жылдагы №01-31/322 чыгыш сандуу катынын негизинде “Вертекс Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген уюм тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна түшкөн акча каражаттарына кошумча план алууга жана чыгымдоого уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусу карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдагы №01-19/146 чыгыш сандуу кайрылусу эске алынсын.

 

2. Каныш-кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна түшкөн акча каражатына кошумча план алууга жана төмөнкү багыттагы чыгымдарга 1 207 300 (бир миллион эки жүз жети миң үч жүз ) акча каражаттарын которууга уруксат берилсин .

 

-Карышкыр аткан мергенчилерди сыйлоого 160 000 (жүз алтымыш миң ) сом

 

-Райондук Кочкор сынагын өткөрүүгө 147 260 (жүз кырк жети миң эки жүз алтымыш миң) сом

 

-Беккулиев Жакыпбайга 500 000 (беш жүз миң ) сом

 

-Мамытов Шайырбек жол кырсыгына учурап, оор жаракат алгандыгына байланыштуу даарылануусуна 200 000(эки жүз миң) сом

 

-А.Мейманкуловдун үй бүлөсүнө жардам катары 200 000 (эки жүз миң ) сом которулуп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

У. Качканаков