КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 11-мартындагы № 4
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан 01.01.2023-жылга карата калган эркин калдык акча каражаттарын чыгымдоого уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын № 01-19/146 чыгыш сандуу 1-пунктунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде, бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана жүргүзүлгөн чыгымдардын үнөмдөлгөн 39 037 992, 92 (отуз тогуз миллион отуз жети миң тогуз жүз токсон эки сом, токсон эки тыйын) акча каражатын жана атайын каражат салыгынан калган 8 725 546,80 (сегиз миллион жети жүз жыйырма беш миң беш жүз кырк алты сом сексен тыйын) акча каражатын пайдалануу Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин катынын негизиндеги кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын № 01-19/146 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 01.01.2023-жылга карата бюджеттик каражат эсеп счётунда калган эркин калдык 39 037 992,92 (отуз тогуз миллион отуз жети миң тогуз жүз токсон эки сом , токсон эки тыйын) акча каражатын №3 тиркемеге ылайык жана атайын каражат эсеп счётундагы 8 725 546,80 (сегиз миллион жети жүз жыйырма беш миң беш жүз кырк алты сом сегиз тыйын) акча каражатын №4 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин катынын негизинде чыгымдоого уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төраганын орун басары | У. Качканаков |