Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2023-жылдын 11-мартындагы № 9

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү пенсионерлерге, I-II-топтогу майыптар 4(төрт) же андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жарандарга салык кодекисинин 411-беренесинин негизинде 2023-жылга там арка салыгына жеңилдик берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 7.03.2023-жылдын №01-19/131 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2023-жылга там арка салыгын төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 411-1-3-4-беренелеринин негизинде пенсионерлерге, I-II-топтогу майыптарга, 4(төрт) же андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жарандарга там арка жер салыгына жеңилдик берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын №01-19/131 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2023-жылга там арка салыгын төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 411-1-3-4-беренелеринин негизинде пенсионерлерге, I-II-топтогу майыптарга жана 4(төрт) же андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жарандар там арка жер салыгынан 177,2 га (жүз жетимиш жети бүтүн ондон эки гектар) жер аянтына 177 220 (жүз жетимиш жети миң эки жүз жыйырма) сомго жеңилдик берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмунүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

У. Качканаков