Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 2

“Жашыл мурас” долбоорунун алкагында көчөттөрдү отургузууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 1-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын иш-планына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасынын негизинде бөлүнгөн ар кандай көчөттөргө жетпей калган акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 1-пунктунун кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын иш-планына ылайык “Жашыл-Мурас” долбоорунун алкагында көчөттөрдү отургузууга бөлүнгөн жана айыл аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн карагай көчөттөрдү отургузууга бөлүнгөн акча каражаты Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасынын негизинде бөлүнгөн ар кандай көчөттөргө жетпей калган 767 500 (жети жүз алтымыш жети миң беш жүз) сом жана ийне жалбырактуу көчөттөрүнө 300 000 (үч жүз миң) сом жалпысынан 1 067 500 (бир миллион алтымыш жети миң беш жүз ) сом Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётунан бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

М.Аликеев