Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 3

Каныш-Кыя айыл аймагынын дыйкан-фермерлерин жана элин арзан баада дизелдик отун менен камсыз кылуу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 4-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге берилүүчү дизелдик отуну бөлүнгөн квотага ылайык, мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө бөлүнгөн 20 000 литр (жыйырма миң) дизелдик майын алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 4-пунктунун кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 9600 литр (тогуз миң алты жүз) дизелдик күйүүчү майына кошумча 10400 литр (он миң төрт жүз) дизелдик күйүүчү майын, жалпысынан 20 000 литр (жыйырма миң) дизелдик күйүучү майын айыл аймагынын дыйкан-фермерлерин жана элин дизелдик отуну менен арзан баада сатып камсыз кылууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётунан убактылуу кайтарым түрдө 1 300 000(бир миллион үч жүз миң) сом жана жол акысына 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

М.Аликеев