КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 5
Үрөөндү сатуу үчүн баа коюп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевдин 30.03.2023-жылдын №01-19/207 №7 чыгыш сандуу Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кампасындагы керектөөдөн ашыкча болгон үрөөндү сатуу үчүн баа коюп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевдин 30.03.2023-жылдын №7 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кампасындагы керектөөдөн ашыкча болгон үрөөндү сатуу үчүн 1 килограмм (бир) өлчөмү 27 (жыйырма жети ) сомго бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына жана Каныш Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | М.Аликеев |