КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 6
Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан жалпы 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | М.Аликеев |