КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 8
Сатарова Миңжылкыга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Сурмакан .Молдобаеванын 24.03.2023-жылдагы апасы Сатарова Миңжылкынын ден-соолугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Молдобаева Сурмакандын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынына караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Сатарова Миңжылкынын даарылануусуна Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 50,000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | М.Аликеев |