Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 9

Арыкбаева Венерага акча каражатын которуп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу Кайың-Суу айылынын тургуну Арыкбаева Венера Жуманалыевна 30.03.2023-жылдагы жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу Кайың-Суу айылынын тургуну Арыкбаева Венера Жуманалыевнанын арызы эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл аймагынына караштуу Кайың-Суу айылынын тургуну Арыкбаева Венера Жуманалыевнанын үй-бүлөсүнө жардам катары 15 000 (он беш миң) сом Кайың-Суу айылынын айыл башчысы Абасов Кадырга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы Кайың-Суу айылынын айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага

М.Аликеев