КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 11
Каныш-Кыя айыл аймагынын резерв фондусуна сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 23.03.2023-жылдагы №01-19/186 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын тургуну Кайназарова Гүлсүнай Нуралиевна үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 23.03.2023-жылдагы №01-19/186 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын тургуну Кайназарова Гүлсүнай Нуралиевна даарыланып келүүсүнө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн резерв фондусунан акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | М.Аликеев |