Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 1-августундагы № 50 токтомуна тиркеме
Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо төмөнкүдөй тартиптерди аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, округдук/аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары- Комиссия) тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын (мындан ары - кызмат адамдары) иши.
2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары - Кодекс) 11-главасына ылайык, Кодекстин 60-69-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.
Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүдөй каралат:
- Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө, ошондой эле референдум өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы), жана (же) укук бузуулар жасалган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө - тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан.
3. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо Комиссия жана кызмат адамдары мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин, күнөөсүздүк презумпциясынын, укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин боло тургандыгынын, адилеттүүлүктүн, жазалоону жекелештирүүнүн, гумандуулуктун принциптерине негизделет.
4. Комиссия жана кызмат адамдары өз ишинде Конституцияны, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссиянын жана кызмат адамдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ар бир иштин шарттарын өз мезгилинде, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо, аларды мыйзамдарга ылайык так чечүү;
- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды табуу.
2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш тартиби
6. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйөө болуп саналат:
1) шайлоо комиссиясы тарабынан укук бузуу окуяларынын болушун көрсөткөн жетиштүү маалыматтарды тикелей табуу;
2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер тарабынан келип түшкөн мыйзамдарды укук бузуу окуяларынын болушун көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдар (билдирүүлөр);
3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы бүлдүрүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар;
4) Түз линияга телефон чалуулар жана байланыштын башка булактары (Whats аpp каналы ж.б.) боюнча билдирүүлөр;
7. Укук бузуунун белгилерин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу, бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга негиз болуп саналат.
8. Шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздар (даттануулар, билдирүүлөр, материалдар) Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары - Жумушчу топ) тарабынан алдын ала каралат.
9. Жумушчу топ өзүнүн жыйналышында келип түшкөн арыздын (даттануунун, билдирүүнүн, материалдардын) предметин аныктайт жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) шайлоо мыйзамдарында каралган укук бузуулардын белгилерин аныктоодо шайлоо мыйзамдарында каралган арыздарды жалпы тартипте кароо жөнүндө;
2) Кодексте каралган укук бузуулардын белгилерин аныктоодо арызды (даттанууну, билдирүүнү, материалдарды) ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна жана чечүүсүнө жөнөтүү жөнүндө .
10. Мында, Жумушчу топ арызда (даттанууда, билдирүүдө, материалдарда) Кодекстин 60-62, 64-69-беренелеринде каралган укук бузуу белгилеринин болушун аныктоодо иштерди, эреже катары, шайлоо мыйзамында каралган жалпы тартипте карайт.
11. Жумушчу топтун иши Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен өзүнчө Жобо менен жөнгө салынат.