Редакцияот 24.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын

кезекcиз   XVIII  ссессиясы

 

  2025-жылдын  24-октябры №1

 

«Манас шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жактыруу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230

“Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун негиз кылып, Манас шаарынын мэриясынын 14.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6402 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.         Манас шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын тизмеси № 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

 

2.         Манас шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жалпы суммасы 56 001 749 сом анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 30%-50% үлүшү 27 149 530 сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2026-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү жагы Манас шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун 1-тиркемеси менен бекитилген долбоорлорду Манас шаарынын Өнүгүү стратегиясына кошумча катары киргизүүгө макулдук берилсин, аткаруу жагы Манас шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

 

4.         Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

 

5.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6.         Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага

 

 

Болотов Н.Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Манас шаардык депутаттар кеӊешинин «24» октябрь 2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын

№1-токтомуна №1-тиркеме

 

 

Манас шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануучу сунуштала турган долбоорлордун тизмеси

 

№

Мекеменин аталышы

Аткарылуучу жумуш

Жалпы суммасы

Өздүк салым

Республикалык бюджет

1

Ж.Бакиев

атындагы №3 орто мектеп

Фасадды, жыйындар залын жана коридорду оңдоо

4 891 943 сом

2 445 971,5 сом

2 445 971,5 сом

2

Ж.Болотов

атындагы №21 орто мектеп

Имараттын фасадын оңдоо жана вентиляция системасын орнотуу

8 298 332

сом

4 149 166 сом

4 149 166 сом

3

Хамза атындагы №26 орто мектеп

Терезелерди, сырткы эшиктерди алмаштыруу жана фасадды оңдоо

4 999 172

сом

2 499 586

сом

2 499 586

сом

4

№19 “Колоколчик” МЧББУ

Имаратын капиталдык оңдоо

6 744 775

сом

3 372 387,5сом

3 372 387,5 сом

5

№ 17 «Каакым» МЧББУ

Терезелерди алмаштыруу жана имараттын жылытуу системасын оңдоо.

4 556 583 сом

2 278 291,5сом

2 278 291,5 сом

6

№7 “Малышка”

МЧББУ

  Терезелерди, эшиктерди     алмаштыруу жана имараттын жылытуу системасын оңдоо

4 999 648

сом

2 499 824

сом

2 499 824

сом

7

№12 “Жылмаю”

МЧББУ

Жылытуу системасын жарым-жартылай оңдоо жана чатыр (навес) куруу

2 013 993 сом

604 198 сом

1 409 795 сом

8

№2 “Дружба”

МЧББУ

Терезе жана эшик көзөнөктөрүн (оюктарын) алмаштыруу. Ашкананы оңдоо

4 040 386

сом

2 020 193

сом

2 020 193

сом

9

№2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

ҮДТ №2 имаратын оңдоо

4 438 671

сом

2 219 335,5 сом

2 219 335,5 сом

10

№10 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

ҮДТ №10 имаратын оңдоо

4 983 412

сом

2 491 706

сом

 

2 491 706

сом

11

№11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

ҮДТ №11 лабораториясына капиталдык оңдоо

1 659 060 сом

497 718 сом

1 161 342 сом

12

№12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

ҮДТ №12 имаратына капиталдык оңдоо

3 792 106 сом

1 896 053 сом

1 896 053 сом

13

Флюорография имараты

Манас шаарынын Исакулов көчөсүндөгү флюорография имаратынын жылытуу системасы

 

583 668   сом

175 100    сом

408 568 сом

Жалпы

56 001 749 сом

27 149 530

сом

28 852 219

сом

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы

 

 

Осмонова Г.О.