Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №2
«Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 22.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6604 жана 23.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6663 сандуу каттары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөндөгү жер тилкелерди кабыл алууга макулдук берилсин:
· Манас шаарынын Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №77 дарегинде жайгашкан Т.Курманбаевге таандык (индентификациялык номери 3-10-10-1007-3346) жалпы аянты 400,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №77 дарегинде жайгашкан Т.Курманбаевге таандык (индентификациялык номери 3-05-12-1007-3335) жалпы аянты 600,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №77 дарегинде жайгашкан Н.Максутовго таандык (индентификациялык номери 3-10-10-1007-3347) жалпы аянты 400,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №98/6 дарегинде жайгашкан Н.Максутовго таандык (индентификациялык номери 3-05-12-1007-3336) жалпы аянты 600,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Ынтымак айылынын Проектируемая көчөсүнүн №12/6 дарегинде жайгашкан М.Сатаровго таандык (индентификациялык номери 3-05-12-1007-1364) жалпы аянты 700,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Лавдан-Кара айылынын Ак Тилек көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан С.Камбаровго таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6761) жалпы аянты 200,0 чарчы метр;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/1 дарегинде жайгашкан “Терра Компани” ЖЧК таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6763) жалпы аянты 50,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерди өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
1. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |