Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №3
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык имаратын өткөрүп берүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 22.10.2025-жылдагы №01-18/6605 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы карап, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Барпы Сейил көчөсүнүн №79В дарегинде жайгашкан муниципалдык 487,7 чарчы метр имаратты Жалал-Абад облустук стоматологиялык поликлиникасына ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |