Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №4
«Манас шаардык мэриясынын "Манас автовокзалы" муниципалдык
ишканасынын Жобосун бекитүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 14.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6397 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык мэриясынын "Манас автовокзалы" муниципалдык ишканасынын Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Манас шаардык мэриясынын "Манас автовокзалы" муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги жана структурасы №2-№3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |
|
Манас шаардык депутаттар кеӊешинин «24» октябрь 2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №4-токтомуна №1-тиркеме
|
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Манас шаардык мэриясынын "Манас автовокзалы" муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
1.2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Манас шаарынын мэриясы эсептелет.
1.3. Ишкана Манас шаарынын мэриясынын карамагында иштейт жана "Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын «Жалал-Абад автовокзалы» филиалынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Манас автовокзалы" муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: Муниципальное предприятие "Манас автовокзалы";
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- "Манас автовокзалы" МИ;
- МП "Манас автовокзалы".
1.4. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Манас шаары, Т.Байзаков проспектиси 171, индекси: 720900.
1.5. Ишкана өз ишинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Манас шаарынын мэриясынын, Манас шаардык депутаттар кеңешинин токтом, буйрук, тапшырмаларына ылайык жана уставынын негизинде иш алып барат.
1.6. Ишкана муниципалдык ишкананын уюштуруучулук укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча чарбалык эсептеги субъект болуп эсептелет.
1.7. Ишкана чарбалык башкаруу укугунда иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке укуктарды алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарап болуп катышууга укуктуу.
1.8. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
1.9. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибутикасы болот.
1.10. Ишкана менчик ээсинин макулдугу менен бирикмелерге, фонддорго, союздарга, ассоциацияларга жана уставдын максаттарына жана милдеттерине ылайык келген башка коммерциялык эмес уюмдарга катышканга укуктуу.
2. Ишкананын укуктары
2.1. Ишкана коюлган милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде акчалай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- финансылык-насыялык мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
- уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле жеке жактар менен Ишкананын уставдык максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ээлөөгө, пайдаланууга жана тескөөгө;
- Ишкананын ишине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары иш боюнча байланыштарды ишке ашырууга, кызматкерлерди чет өлкөгө иш сапарга жиберүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү кабыл алууга.
2.2. Ишканада менчик ээси менен макулдашуу боюнча бул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Уставга каршы келбеген укуктары жана милдеттери да болушу мүмкүн.
3. Ишкананын милдеттери жана функциялары
3.1. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- автовокзалдын ишин болушунча камсыздоо үчүн керектүү материалдык-техникалык базаны түзүү;
- ишкананын рентабелдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн арттыруу;
- автовокзалдын кызматкерлеринин эмгеги, алардын нормалдуу жана натыйжалуу иштеши үчүн, ишкананын эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүнүн социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн шарттарды түзүү;
- ишкананын кызматтарын өркүндөтүү, имараттардын, бөлмө-жайлардын абалын жакшыртуу, өндүрүштүк процесстерди башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү;
- ишкананын экономикалык стабилдүүлүгүн камсыздоо жана кирешелүүлүгүн арттыруу үчүн аймактарын, бөлмө-жайларын, инженердик коммуникацияларын натыйжалуу пайдалануу;
- башка шаарлардын автовокзалдары жана автостанциялары менен өндүрүштүк байланыштарды камсыз кылуу.
3.2. Ишкана өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
- автовокзалдын ишин шаардын жанындагы жана эл аралык катнаштагы, республиканын ичиндеги жана андан сырттагы да катнаштардагы автобустарды пайдалануучу жүргүнчүлөр үчүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлгүдөй кылып уюштуруу, ошондой эле билет сатуу боюнча иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо, бул кызматтарды жүргүнчүлөр көп болуучу жайларга болушунча жакындатуу жана маршруттагы туруктуу каттаган автобустардын ишине диспетчердик контролду ишке ашыруу;
- туруктуу маршруттарда жүрүүчү автобустарга билеттерди касса аркылуу өз убагында жана толук сатууну ишке ашыруу жана контролдоо, ошондой эле автобус менен ташууну уюштуруунун баардык маселелери жөнүндө жүргүнчүлөргө кеңири маалымдоо;
- жүргүнчүлөрдүн жана ишкананын керектөөлөрүн канааттандыруу жана камсыздоо үчүн керектүү коммерциялык ишти уюштуруу;
- жүргүнчүлөрдүн учурдагы агымын талдоо жана Манас шаарынын мэриясына жаңы туруктуу жана сезондук маршруттарды ачууга байланыштуу автобустардын жүрүшүнүн ырааттамасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- автобустук маршруттарда ырааттамаларга жана жүрүү графиктерине жараша жүргүнчүлөрдү тейлөө;
- автобустардын рейстен өз убагында келүүсүн жана рейске өз убагында чыгышын көзөмөлдөө;
- жаңы автовокзалды куруу жана пайдаланууда көмөкчү кызматтарды кеңейтүү, реконструкциялоо, өндүрүштүк процесстерге автоматташтыруу каражаттарын киргизүү;
- ачык тендерлердин жеңүүчүлөрү болгон ташуучулар менен алардын менчигинин түрүнө карабастан, колдорунда болгон транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен контрактын негизинде келишимдерди түзүү;
- автобустарды күн сайын рейс алдындагы техникалык текшерүүнү (кыймылдын коопсуздугун камсыздоочу тетиктерди жана агрегаттарды текшерүү), айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүүнү, рейске чыгаруу алдында автобустардын тышкы жана ички абалын текшерүүнү уюштуруу.
3.3. Ишкана монополияга каршы муниципалдык орган менен макулдашуу боюнча өз алдынча белгилөөчү баалар жана тарифтерде, көрсөтүлүүчү кызматтын иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша ишкананын кызыкчылыгын эске алуу менен же кардарлар менен түзүлгөн келишимдин негизинде ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
3.4. Ишкананын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, иш жүргүзүү үчүн атайын уруксат - лицензия алган учурдан тартып башталат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, лицензиянын жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин токтотулат.
4. Ишкананы башкаруу
4.1. Ишкананын ишин Манас шаарынын мэриясы жетектейт жана координациялайт.
4.2. Ишкананын кирешелер жана сарптоолор сметасы, штаттык ырааттамасы мэриянын буйругу менен бекитилет.
4.3. Ишкананын жетекчисин Манас шаарынын мэри кызматка дайындайт жана бошотот.
4.4. Ишкананын жетекчиси Уставдын негизинде иштейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартиптик-укуктары, милдеттери болот жана жоопкерчилик тартат.
4.5. Ишкананын жетекчисинин милдеттери:
- Ишкананын алдына коюлган маселелердин аткарылышы жана ишинин жыйынтыгы жөнүндө жоопкерчиликте болот жана мэрияга отчет берет.
- уюштуруучунун чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет, республиканын баардык муниципалдык органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерди ачат, банктык-финансылык документтерге жана келишимдерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Ишкананын баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- иштин режимин жана ишкананын кызматкерлерине сыйлык берүү жана тартиптик таасир этүү жөнүндө жоболорду бекитет;
- ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет.
- ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- мыйзамдарда, базар конъюнктурасында, эмгек шарттарында ж.б. өзгөрүүлөр болгон учурда мэрияга ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- жылдык финансылык-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансылык-чарбалык иш жөнүндө отчетторду мэриянын кароосуна жана бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет.
- мэрияга финансылык отчеттун, болжолдуу финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрдүн жана башка керектүү маалыматтардын өз убагында берилишин камсыздайт;
- бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;
- ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн керектүү башка иштерди жүргүзөт.
- ички коррупциянын алдын алуу системасын түзүү боюнча чараларды көрөт жана ишкананын кызматкерлери коррупциялык элементтерге аралашкан учурда түздөн-түз жоопкерчилик тартат.
4.6. Башкы бухгалтер кызматка жетекчи тарабынан дайындалат жана бошотулат.
4.7. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери эсептин тууралыгы, ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликте болушат.
5. Ишкананын мүлкү, каражаты жана кирешесинин бөлүштүрүлүшү
5.1. Ишкананын мүлкү ага ишкердик жүргүзүү үчүн бекитилип берилет.
5.2. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардан турат жана ишканага чарбалык башкаруу укугу менен бекитип берилген.
5.3. Ишканада чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон өзүнчө мүлкү болот, өзүнүн милдеттенмелери боюнча ушул мүлкү менен жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк, мүлктүк эмес жеке укуктарды жана милдеттенмелерди ала алат, сотто доочу жана жоопкер боло алат.
5.4. Ишкана бекитилип берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жана уюштуруучу тарабынан белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын ишке ашырат.
5.5. Ишкана мүлктү иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык, экономикалык зарылдыкты жана уюштуруучунун кызыкчылыгын эске алуу менен пайдаланат.
5.6. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же уюштуруучунун макулдугусуз бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укугу жок.
5.7. Ишкананын финансылык-чарбалык ишинен же башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен курулган же алынган мүлк муниципалдык менчикке түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
5.8. Ишкана квартал сайын мэрияга бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
6. Ишканадагы эсеп, пландоо жана отчеттуулук
6.1. Ишкана өзүнүн ишин өзү иштеп чыккан иш пландардын негизинде иш жүргүзөт.
6.2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана статистикалык отчет жүргүзөт.
6.3. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик контролдоочу органдары тарабынан ишке ашырылат.
7. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу
7.1. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу мэриянын чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда сот тарабынан ишке ашырылат.
7.2. Ишкана өзгөртүлүп түзүлгөн же жоюлган учурда жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
7.3. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |
|
«24» октябрь 2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №4-токтомуна №2-тиркеме
|
«Манас автовокзалы»
муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги жана структурасы
№ | Кызматтардын аталышы | саны | эскертме |
1. | Жетекчи | 1 |
|
2. | Юрист | 1 |
|
3. | Кадрлар адиси | 1 |
|
Техникалык тейлѳѳ кызматы | |||
4. | Башкы эсепчи | 2 |
|
5. | Чарба башчы | 1 |
|
6. | Улуу кассир | 2 |
|
7. | Диспетчер-кассир | 4 |
|
8. | Перрон кѳзѳмѳлдѳѳчү | 2 |
|
9. | Дарбаза кѳзѳмѳлдѳѳчү | 3 |
|
Кенже тейлѳѳ кызматы | |||
10. | Ажааткана кызматкери | 2 |
|
11. | Кѳчѳ шыпыруучу | 2 |
|
12. | Жумушчу | 2 |
|
13. | Бакчы кароолчу | 2 |
|
| Жалпы | 25 |
|
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |
|
Манас шаардык депутаттар кеӊешинин «24» октябрь 2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №4-токтомуна №3-тиркеме |
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |