Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 4- ноябрындагы № 716 токтомуна тиркеме
1. Киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм (мындан ары – ӨМИ) объекттеринин жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, ошондой эле өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерине кирбеген,
50 пайыздан ашык мамлекеттик катышуу үлүшү менен чарбалык коомдордун маалыматтык инфратүзүм объекттеринин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык инфратүзүм (мындан ары – ММИ) объекттеринин киберкоопсуздугуна ички, мамлекеттик жана көз карандысыз аудит жүргүзүү тартибин белгилейт.
Зарыл болгон учурда документтердин электрондук вариантын тиркөө менен кагаз жүзүндө гана жиберилүүчү ички жана көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчетторду, киберкоопсуздукка мамлекеттик аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу актыларды жана жеткиликтүүлүгү чектелген башка документтерди кошпогондо, ушул Тартипте каралган документтер электрондук түрдө электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жиберилет (ал жок болсо документтердин электрондук вариантын тиркөө менен кагаз жүзүндө жүргүзүлөт).
2. Киберкоопсуздукка ички аудит ӨМИ жана ММИ субъекттери тарабынан алардын уюштуруу-тескөөчү документтерине ылайык киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана стандарттарга шайкештигине жылына бир жолудан кем эмес өз алдынча ӨМИ жана МИИ объекттеринде милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
Киберкоопсуздукка ички аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчеттун нускасы киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ӨМИ субъекттери, ал эми санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ММИ субъекттери тарабынан жиберилет.
3. Киберкоопсуздукка мамлекеттик аудит жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар):
– ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугуна мамлекеттик аудит жүргүзүүчү киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
– ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна мамлекеттик аудит жүргүзүүчү санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. ӨМИ жана ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна көз карандысыз аудит киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана стандарттардын талаптарынын шайкештигине жүргүзүлөт.
ӨМИ жана ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна көз карандысыз аудит жүргүзүү жөнүндө чечим ӨМИ жана ММИ субьекттери тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
ӨМИ жана ММИ объекттеринде киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит жүргүзүү боюнча ишти жүргүзүүчү аккредитацияланган юридикалык жактар тарабынан юридикалык жактын ички актысы менен бекитилген киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү методикасына ылайык жүргүзүлөт.
ӨМИ же ММИ субъекттери киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, алар киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит жүргүзүү боюнча ишти жүргүзүүгө тартылган аккредитацияланган юридикалык жактын аталышын көрсөтүү менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине кабарлама жиберет.
ӨМИ жана ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна көз карандысыз аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчеттун нускасы ӨМИ жана ММИ субъекттери тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилет.
5. Мамлекеттик аудит киберкоопсуздуктун пландуу мамлекеттик аудитине (мындан ары – пландуу аудит) жана киберкоопсуздуктун пландан тышкары мамлекеттик аудитине (мындан ары – пландан тышкары аудит) бөлүнөт, аларды жүргүзүү мөөнөтү пландуу жана пландан тышкары аудиттердин актыларында белгиленүүчү иш жүзүндө аудит жүргүзүү башталган датадан тартып отуз жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттү түзөт.
Ар түрдүү административдик-аймактык бирдиктерде жайгашкан бир эле ӨМИ субъектине таандык бир нече ӨМИ объектине карата мамлекеттик аудит жүргүзүлгөн учурда ар бир ӨМИ объекти боюнча жүргүзүү мөөнөтү өзүнчө белгиленет.
Киберкоопсуздукка ички жана көз карандысыз мамлекеттик аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчеттор, ошондой эле киберкоопсуздукка мамлекеттик аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу актылар жеткиликтүүлүгү чектелген документтер болуп саналат жана ачык жайылтылбайт.
6. Пландуу аудиттин максаты ӨМИ жана ММИ субъекттеринин киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарга шайкештигин баалоо болуп саналат.