Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №5
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 23.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6662 сандуу катты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Манас проспектисинин №4 дарегинде жайгашкан “Закиржан-Ата” мечити жайгашкан 1310,00 чарчы метр муниципалдык жер тилкени Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятына мөөнөтсүз, акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |