Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №8
«Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан “Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Тоо Кызыл-Суу айылындагы №12 Сагындыков орто мектебине откана куруу” долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 23.10.2025-жылдагы чыг. №01-18/6691-сандуу катынын негизинде, Манас шаарынын мэри Э.Ормоковдун сунушун эске алып, Манас шаардык депутаттар кенешинин кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан «Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Тоо Кызыл-Суу айылындагы №12 Сагындыков орто мектебине откана куруу» долбоорго макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясына «Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Тоо Кызыл-Суу айылындагы №12 Сагындыков орто мектебине откана куруу» долбоордун жалпы суммасынан 10% акча каражатын Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүүгө киргизүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага |
Болотов Н.Б. |