Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/51
Кайрат айылындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт залына “Аман ажы ата” ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кайрат айылындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт залына маркум Буважанов Аман Буважановичтин урматына “Аман ажы ата” деп ат коюу боюнча айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кайрат айылындагы балдардын жана өспүрүмдөр спорт залына “Аман Ажы ата” ысмы ыйгарылсын.
2. Буважановтордун үй бүлөсүнө аталган балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт залын оңдоп түзөө иштерине ар дайым жакындан көмөк көрсөтүп туруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |