Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/54
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Жазы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги тогузунчу сессиясында айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбековдун Кызыл-Тоо айылындагы Ак-Талаа каналынын 16,4 м жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып Жазы айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ак-Талаа каналынын 16,4 га (8200 метр) жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |