Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №12
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги
мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 23.10.2025-жылдагы №01-18/6676 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында карап, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган ЯСИН үлгүсүндөгү автобусту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Жалал-Абад областынын Манас шаардык күзөт бөлүмүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мүлктү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов), Манас шаарынын мэриясынын “Жүргүнчүлөр автобазасы” муниципалдык ишканасынын башчысына (А.Максутов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |