Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №13
«Манас шаардык кеңешинин 11.08.2025-жылдагы кезектеги
XI сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Манас шаардык депутаттар кенешинин кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык кеңешинин 11.08.2025-жылдагы XI сессиясынын №9 токтомунун 1-пунктундагы “14.04.2016” деген сөздөр “14.04.2015” болуп өзгөртүлүп, жаңы редакциясы төмөндөгүдөй баяндалсын: “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин VI чакырылышынын 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №2-токтому жокко чыгарылсын.”
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүүгө киргизүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага |
Болотов Н.Б. |