Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-сентябры № 75
Баткен шаарында жайгашкан “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын Ош филиалынын аймактык “Баткен” эл аралык аэропортунун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган 66 га жер аянты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20 - октябрындагы №123 Мыйзамына, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы №01-12/5040 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарында жайгашкан “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын Ош филиалынын аймактык “Баткен” эл аралык аэропортунун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган 66 га жер аянты (идентификациялык коду: 8-01-01-0003-0449) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин
2.Тийиштүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жана зарыл болгон чараларды көрүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /Т.Абыкеев/ тапшырылсын
3. Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын
Тѳрага: | А.Аширов |