Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-сентябры №42
Ак-Өргө айыл тургундарына спорт комплекси куруу үчүн муниципалдык жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Илхамидиндин баяндамасы угулуп, талкууланып, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги №513,514 контурунда жайгашкан 1,5 га жер аянтты, Ак-Өргө айыл тургундарына спорт комплекси куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Жер участогун пайдалануу максаты - спорт комплекси куруу болуп эсептелсин жана башка багытка өзгөртүүгө жол берилбесин, куруу иштери 5жылдык мөөнөттө бүтпөсө жер кайтарылсын.
3. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |