Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-сентябры №44
“Исхак-Полотхан” муниципалдык ишканасына субсидия берүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнү ФЭБ башчысы С.Ормоновдун баяндамасы угулуп, талкууланып, айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 22-беренесине ылайык, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн бюджеттин каражаттарынын эсебинен “Исхак-Полотхан” муниципалдык ишканасына 422 000 сом өлчөмүндө субсидия берилсин.
2. Исхак-Плотхан айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаттарын, керектелүүчү статьяларга жылдырууга тиркемеге ылайык макулдук берилсин ( тиркеме тиркелет).
3. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн бекитилген пландан ашыкча түшкөн акча каражатын керектелүүчү статьяга жумшоого макулдук берилсин ( тиркеме тиркелет).
4. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ормоновго милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |