Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз онунчу сессиясы
2025-жылдын 19-сентябры № 56
Тамаша айылындагы А. Камбаров атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жаңы имараты курулуучу жер тилкесинде турган №26 ҮДТнун имаратын жылдырууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, Тамаша айылынын айыл башчысынын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 15.09.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1676 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1.Тамаша айылындагы А. Камбаров атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жаңы имараты курулуучу жер тилкесинде турган №26 ҮДТнун имараты жылдырылсын.
2. Балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылган 0,40 га жер аянтынан 0, 10 га жер аянты №26 ҮБТнун жаңы имаратын курууга ажыратылып берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, жер аянтын ажыратып берүү берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |