Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз онунчу сессиясы
2025-жылдын 19-сентябры № 57
Орозбеков айыл аймагынан “Охна ГЭС -2” ЖЧКсы тарабынан чакан ГЭС курууга жер аянтын тарнсформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, “Охна ГЭС-2”ЖЧКсынын өкүлү А.Миталипповдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 27.05.2025-жылгы №01-17/2403 сандуу сунунушуна, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 28.07.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1297 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын Кара-Шоро айылынан №306 контурунан 0,45 га, №756 контурунан 0.50 га жер аянттарын жайыт жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө которулган жер аянтын муниципалдык менчикке каттап, “Охна ГЭС-2” ЖЧКсына мыйзам чегинде ижара мөөнөтүн жана өзгөчө шарттарын бегилөө менен чакан ГЭС куруу максатында убактылуу пайдаланууга(ижарага) берүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |