Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз онунчу сессиясы
2025-жылдын 19-сентябры № 58
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков айыл өмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин 16.01.2025-жылдагы №12 тескемеси менен Орозбеков айылына курулуучу А. Орозбековдун үй-музейине бөлүнгөн 1 000 000 (бир миллион)сом, 16.01.2025-жылдагы №5 токтому менен Учкун айылынын Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсүн асфальттого бөлүнгөн 360 000(үч жүз алтымыш миң) сом, 29.05.2025-жылдагы №26 токтому менен Учкун айылына таза суу тартып келүү долбооруна каралган 2 500 000(эки миллион беш жүз миң) сом, жалпы 3 860 000(үч миллион сегиз жүз алтымыш миң)сом акча каражаты Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсүнүн 400 метр аралыгына асфальт төшөө жана автоунаалар токтоочу жай куруу долбооруна жумшалсын.
2. Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган автоунааларды тейлөө, күтүү жана тетиктер менен камсыздоо үчүн 100 000(жүз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 3. Айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында акча каражаттарын 1,2,3,4-тиркемелерге ылайык беренеден-беренеге которууга макулдук берилсин. 4. Орозбеков айылдык кеңешинин 16.01.2025-жылдагы №12 тескемеси, 16.01.2025-жылдагы №5, 29.05.2025-жылдагы №26 токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин. 5. А.Орозбековдун үй музейин куруу үчүн жалпы 5 000 000(беш миллион) сом акча каражаты 2026-жылдын бюджетине киргизилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине
2025-жылга 9-айына өзгөртүүлөр киргизүүнүн.
№1- тиркемеcи.
Киреше бөлүгү
Бюджет Миң сом
Катар № | Киреше бөлүгүнүн мазмуну | статьясы | суммасы (сом) | IVквартал |
1 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы | 11321300 | +240,9 | +240,9 |
2 | Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым | 14152200 | +288,3 | +288,3 |
3 | Дагы башка төлөмдөр | 14221900 | +1624,6 | +1624,6 |
| Жыйынтыгы: |
| +2153,8 | +2153,8 |
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2025-жылга өзгөртүүлөр киргизүүнүн.
№2- тиркемеcи.
Чыгаша бөлүгү
Бюджет Миң сом
№ | Чыгаша бөлүгүнүн мазмуну | статьясы | суммасы (сом) | IVквартал |
1 | Жайыт комитет |
|
|
|
| Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу | 2215 | +288,3 | +288.3 |
| Жыйынтыгы |
| +288,3 | +288,3 |
| ЖКХ |
|
|
|
| Башка курулуштарды капиталдык ондоо | 3111 | +1865,5 | +1865,5 |
| Жыйынтыгы |
| +1865,5 | +1865,5 |
| Жалпы |
| +2153,8 | +2153,8 |
Орозбеков айыл кеңешинин
жооптуу катчысы: А.Бекмурза
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине
2025-жылга 9-айына өзгөртүүлөр киргизүүнүн.
№3- тиркемеcи.
Чыгаша бөлүгү
Бюджет Миң сом
№ | Чыгаша бөлүгүнүн мазмуну | статьясы | Сумма сы (сом) | IVквар тал |
1 | ЖКХ |
|
|
|
| Башка курулуштарды капиталдык ондоо | 3111 | -3500,0 | -3500,0 |
| Жыйынтыгы: |
| -3500,0 | -3500,0 |
| ЖКХ |
|
|
|
| Башка транспорт каражаттарын сатып алдуу | 3112 | +3500,0 | +3500,0 |
| Жыйынтыгы: |
| +3500,0 | +3500,0 |
| Жалпы |
| 0,0 | 0,0 |