Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз онунчу сессиясы
2025-жылдын 19-сентябры № 59
Орозбеков муниципалдык ишкансына лизингге таштанды ташуучу унаа сатып алууга каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков айыл өмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 11-пунктуна жана айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1.Орозбеков муниципалдык ишканасына лизингге таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн Кадамжай өнүктүрүү фондуга даярдалган долбоорду колдоо максатында айыл өкмөттүн бюджетинен 1 500 000(бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы З. Жарматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |