Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 4

Айыл аймагынын Кайрагач участкасынын тургуну Турдубаев Сабырдын арызы жөнүндө

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси А.Динбаевдин айыл аймагынын Кайрагач участкасынын жашоочусу Турдубаев Сабырдын 3.70 (үч гектар жетмиш сотых) Мамлекеттик фонддун эсебиндеги сугат айдоо жерин көп жылдардан бери ижарага алып келет. Табыгый кырсык каттуу жааган жамгырдын кесепетинен эгилген айыл чарба эгиндерин сел каптап, жууп кетип зыянга учраган.Бул боюнча атайын комиссиянын курамы менен акт түзүлүп карап чыгып, айылдык кеңешке берилгендигин билдирип, жогорудагы көрсөтүлгөн жер аянтын Турдубаевке караштуу болгон баласы Сабыр уулу Сталбекке бир гектар жетмиш сотых жерге 19.12.2018 жылкы түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 2720 (эки миң жети жүз жыйырма ) сом, Турдубаева Бариканга 2 ( эки ) га жерге 3200 (үч миң эки жүз ) сомдон төлөнүчү ижара төлөмдөрүнөн бошотуп берүү боюнча сунушун угуп жана кенири талкуулап , айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ   кылат:

 

1. Айыл аймагынын Кайрагач участкасынын жашоочулары Сабыр уулу Сталбек жана Турдубаева Бариканга айыл өкмөтү менен 19.12.2018-жылы өткөрүлгөн аукциондун ( торуктун) негизинде АКФ нын жерлерин ижаралоонун келишими түзүлгөн, келишимде көрсөтүлгөн Сабыр уулу Сталбекке 1.70 ( бир гектар жетмиш сотых ) жерге жыл сайын 2720 (эки миң жети жүз жыйырма ) сом, Турдубаева Бариканга 2 ( эки ) га жерге жыл сайын 3200 (үч миң эки жүз) сомдон төлөнүчү ижара акылары, 2022-2023 жылдар үчүн төлөөдөн бошотууга макулдук берилсин.

2. Келишимде көрсөтүлгөн сугат айдоо жерлерине төлөнүүчү ижара акыларынын суммасын карап, иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

З.Г.Нурдинов