Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 5

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Мөнөк айылынын тургуну Ташиев Арабидиндин жер үлүшүн жылдыруу боюнча арзы жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары , айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Мөнөк айылынын тургуну Ташиев Арабидиндин жер үлүшүн башка контурга которуу боюнча жазган сунушун, депутаттар айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ    кылат:

 

1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын ) XVI- сессиясынын 19.10.2019 жыл № 4 токтомунун № 1 пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы жана үлүш жерлерге өзүнчө код коюлуп, кадастрга киргендиктен, бир контурдан экинчи контурга которуу мүмкүн эместигине байланыштуу Мөнөк айылынын тургуну Ташиев Арабидиндин арызы канаттандырылбасын.

 

2. Токтомдун бир нускасын арыз ээсине маалымат үчүн жөнөтүү жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

З.Г.Нурдинов