Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 9-октябры №82
Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жана анын катышуучуларынын жалпы санын бекитүү жөнүндө
“ Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39- беренесинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрь (ишемби) күнү чакырылсын.
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 13439 адамды түзгөндүгүнө ылайык Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны квотага ылайык 80 катышуучу болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн орун басары - жооптуу катчысы Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |